Жакынкы аралыкта өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине
кошумча каражаттар берилет. Учурда төлөмдөр тууралуу токтом долбоору тиешелүү
мамлекеттик органдардын кароосунда, — дешти Ички иштер министрлигинен.
Эске салсак, буга чейин ММКларда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын
4 районунун аймактык бөлүм кызматкерлери убадаланган, бирок берилбеген
төлөмдөрдү алышпаса иштен кетүү ниетин билдиришкени маалым болду.