Бишкектин 2 конушунда таза суу өчүрүлөт.
Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо
конуштарында 24-февраль, бейшембиде саат 9дан ечки 6га чейин суу берилбейт.
Убактылуу өчүрүү аталган аймактагы социалдык мекемелерге дагы тиешелүү болот.
Чектөөлөр суу дарбазасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.