Кыргызстанга дагы 9 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат

Кыргызстанга дагы 9 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат.

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режимдеги өлкөлөр катарына

Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония,

Румыния, Таиланд жана Мексика кошулду. Мындай мыйзам

эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана

туризмди өнүктүрү максатында кабыл алынды. Мыйзам расмий

жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.