Бишкекте шайба менен хоккей боюнча 4-дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте шайба менен хоккей боюнча 4-дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт.

Турнир 3-марттан 8ине чейин уюштурулат, — дешти дене тарбия жана спорт

департаментинен. Мелдешке Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана

Ирандын командалары катышат. Ошондой эле дүйнөгө таанымал хоккей

спортчуларынын келиши күтүлүүдө. Департаменттен белгилешкендей,

спорттун кышкы түрү боюнча мындай деңгээлдеги чемпионат

республикада алгачкы ирет өтөт.