Жогорку Кеңеш абактагылар үчүн амнистия жарыялоону сунуштады

Жогорку Кеңеш абактагылар үчүн амнистия жарыялоону сунуштады. Жеңилдиктер биринчи кезекте 5 жылга чейин соттолгон жашы жете электерге, 60тан ашкан эркектерге жана 55тен ашкан аялдарга, үй-бүлөсүн багып келгендерге, 2ден ашык балалуу болгондорго тиешелүү болот.

 

Мунапыс Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата жарыяланат. Түрмөдөгүлөргө мунапыс берчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.