Бишкектин 2022-жылкы бюджети бекитилди.
Быйылкы жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 миллиард
690 миллион деп орнотулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда
айтылат. Ага караганда, каражат 4 районго дээрлик бирдей көлөмдө
бөлүштүрүлөт. Эске салсак, Бишкектин былтыркы бюджети
быйылкы суммадан дээрлик 1,5 миллиард сомго аз болчу.