Бул жылы өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард долларга көбөйдү деген айрым депутаттардын айтканы чындыкка дал келбейт

Бул жылы өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард долларга көбөйдү деген айрым депутаттардын айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен жарыялашты.

 

Андан ташкашкандай, бүгүнкү күнгө карата 337 миллион долларга барабар тышкы каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Анын 269 миллиону насыя. Июлдун аягына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 169 миллион долларды түздү.

 

Андан тышкары, Каржы министрлиги депутаттардын айрым эл аралык макулдашуулар шашылыш түрдө кабыл алынды дегенге кошулбайт. Документтерди кабыл алуу республиканын мыйзам чегинде гана жүргүзүлдү, — дешти ведомстводон.