Баткен облусуна 120 тонна гуманитардык жүк жеткирилди

Баткен облусуна 120 тонна гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Анын айтымында, “Баткенге жардам” штабы 4 күндө азык-түлүк жана кийим-кече чогултту.

 

Андан тышкары, гуманитардык колдоону башка аймактар дагы көрсөтүп жатат. Солтонбекова белгилегендей, Баткенде жүктү туура бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия иштөөдө.