Кытай Кыргызстанга мобилдик оорукана белек кылат

Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гранттык негизде мобилдик госпиталь белек кыла турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

 

Экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 20-июлдагы видео сүйлөшүүсүндө бул боюнча долбоорду тездетүү маселеси талкууланган.

 

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер сырттан келген акчага оорукана куруу керектигин айтып, өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сындап келатышат.

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы онлайн брифингде «Кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде 1000 орундуу оорукана салды. Аны көрүп турдук. Бирок мамлекетибиздин абалына жараша биз өз жолубуз менен баралы дедик. Бүгүнкү күндө «Семетей» обсервациясын заманбап госпиталга айланттык» деп билдирген. Мунун алдында ал Бишкек менен Ошто 100 орундуу эки оорукана куруларын кошумчалаган.