Бишкектин айланасында орнотулган тосмолор кеңейтилди

Бишкектин айланасында орнотулган тосмолор кеңейтилди.

Бул тууралуу вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирет. Анын айтымында,

калаанын чегине 16 тосмо орнотулат. Мисалы, Алмата—Жибек жолу

проспектисиндеги пост Канттын аймагына жылдырылды. Ошондой эле

Байтик баатыр көчөсүндөгү көзөмөл түйүнү дагы шаардын чегине жылдырылат.

Мындан улам, Беш-Күнгөй, Көк-Жар, Арашан конуштарынын

жашоочулары эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат, — деди вице мэр.