Бишкектин айрым аймактарында кечкиге чейин электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Тоголок Молдо, Алыкулов, Исанов, Күрөңкеев, Астрахань көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда жана Чоң-Арык айылында өчүрүлдү.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.