Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Бул ирет дагы долларды сатып алуу боюнча операция жасалды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтындагы маалыматка ылайык, 20 миллион доллардан ашык сатылып алынды.

 

Бул бир жума ичиндеги экинчи интервенция. Белгилеп кетсек, мындай каржылык операцияларды Улуттук банк америкалык валютанын серпилүүсүн алдын алуу максатында өткөрөт. Соңку күндөрү доллардын куну кескин түшүп, учурга карата 79 сомдук чекке жетти.