Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Абдымомунов, Фрунзе, Осмонкул, Лев Толстой, Левоневский, Профсоюз, Фучик көчөлөрүндө жана Арча-Бешик конушунда жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.