Калкты кайра каттоо учурунда алдамчылардан сак болуу сунушталат.
Аталган иштердин жүрүшүндө убактылуу жумушчу топко миңдеген адам ишке тартылат.
Бул үчүн жарандарга каттоочунун өздүгүн тастыктаган сүрөтү жана QR-коду менен
документин тактоо сунушталат. Кодду смартфон аркылуу сканерлөөдө оператор
жөнүндө толук маалымат чыгат. Эске салсак, калк жана турак жайды кайра каттоо
23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Жарандар жөнүндө массалык
маалымат алуу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашат.