Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат берүүчү портал иштелип чыкты

Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат берүүчү портал иштелип чыкты.

Жаңы ресурсту кыргызстандык IT-адистер негиздеди. Эми COVID.kg сайтынан

мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билсе болот.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар киргизилип турат.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары, порталда берилген маалыматтын сапатын

баалоого катардагы жарандар да сурамжылоого катышса болот.