Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

 

Малыматка ылайык, саат 15:32де Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин, Кадамжай районунун Чаувай айылында 3 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.