Республикалык штаб Бишкекте коомдук транспортту кое берүү оюнан кайтты

Республикалык штаб Бишкекте коомдук транспортту кое берүү оюнан кайтты. Коронавирус жайылуу коркунучунан улам, автобус жана троллейбустар азырынча тыюу алдында кала берет.

 

Эске салсак, өлкөдө экономикалык ишмердүүлүктү этап менен жандантуу жүрүп жатат. Анын алкагында, бүгүнтөн тарта ордо калаада автобус жана троллейбустар санитардык эрежелерди сактоо менен каттамдарга чыгарылмак.