Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүү сунушталды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүү сунушталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштаган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, анда майып болгондор, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары учурда алган 15 миң сомду 20 миңге жеткирүү пландалууда.

 

Тылдын эмгекчилери, согушта курман болгондордун жесирлери 10 миң сомдун ордуна, 20 минден алып калышат. Кыргызстанда жогоруда айтылган категорияларга  2 мин 76 киши кирет.