Бишкек жана Оштон Россиянын Новосибирск шаарына туруктуу кошумча аба каттам түзүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Андан такташкандай, билеттерди каалаган адам сатып алса болот. Учактар Бишкек — Новосибирск багыты менен жума күндөрү, Ош — Новосибирск багыты менен бейшемби күндөрү учат.