Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 автобус сатып алууну жактырды

Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 автобус сатып алууну жактырды. Вице-мэр Алмаз Бакетаев “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковго тиешелүү документтердин бардыгын даярдоону тапшырды.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаага 520 автобусту лизингге алуу пландалууда. Бирок шаардык кеңеш токтомго өзгөртүү киргизип, коомдук транспортту бюджеттик каражатка дагы алуу мүмкүнчүлүгү берилди.