Жалал-Абадда футбол академиясы курулууда

Жалал-Абадда футбол академиясы курулууда.

 

Объект жаңы технологияларды колдонуу менен тургузулуп жатат. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки 200дөй бала тарбияланат.

 

Андан тышкары, 18 жаштан жогорку 2 команда окутулат. Академияда 3 чоң жана 2 чакан футбол аянттары, жабык спорт зал, унаа токтотуучу жай, ашкана жана жатакана каралган. Белгилеп кетсек, долбоорду жеке ишкерлер каржылады.