Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине Кумтөрдө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү тапшырды

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине Кумтөрдө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим кечээ парламент отурумунда кабыл алынды. Аны менен бирге депутаттар алтын кендин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин узартты.

 

Тоо-кен компанияларында тышкы башкарууну киргизүүгө укук бере турган “Акционердик коомчулуктар жөнүндө” мыйзам долбооруна жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр 6-майда киргизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан дароо 3 окууда кабыл алынды.

 

14-майда документке президент Садыр Жапаров кол койду.