Республикада Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан мектептерден үнөмдөлгөн
каражатка дагы 3 билим берүү объектиси салынат. Быйыл жыл аягына чейин өлкө боюнча
курула турган 27 мектепке 30 миллион доллар сарпталмак. Бирок үнөмдөлгөн
1 миллион 200 миң доллар каражат менен Ысык-Көл облусунда 60, 100 орундуу 2 бала бакча жана
Таласта 1 мектеп пайда болот, — дешти Novosti.kgге мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен.
Иштер жакынкы арада башталат жана ал 2022-жылдын авуст айында соңуна чыгат.