Бишкектин бир районуна 50дөн ашык камера орнотулат

Бишкектин Биринчи май районунун аймагына 50дөн ашык камера орнотулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталды.

Анын алкагында Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү бульвардын төрт кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.