Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө коомдук коопсуздукту 6 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат.
Ички иштер министрлиги коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар өтүүчү жерлерде коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулат.
Маанилүү объекттер коргоого алынат.