Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери улантылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 24-28-октябрь аралыгында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында аткарылат.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир гана тилкеде өткөрүлүп турат.
Мындай иш-чаралар таш кулоо коркунучунун алдын алуу максатын көздөйт.