Бишкекте түнү бою Милициянын кайгуул кызматы нөөмөттө болду

Бишкекте түнү бою Милициянын кайгуул кызматы нөөмөттө болду.

Ички иштер министрлиги 24 агенттигине билдиргендей,

түндө мыйзамдан тышкаркы иштер катталган жок. “Тазалык”

муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын

иретке келтирүүнү улантууда. Эске салсак, кечээ ордо калаада

митинг өттү. Анын уюштуруучуларын милиция кызматкерлери

Жогорку Кеңештин мекемесине бара жаткан жеринен күч менен

таркатты. Каршылык акциясына катышкан 100дөн ашык жаран

кармалды. Аларга башаламандыкты жаратуу боюнча кылмыш

иши козголду жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн

административдик жоопко тартылат.