Кыргызстанда Халал өнөр жайынын техникалык комитети түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин «Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү” жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, документке Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болот Нурматов жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков кол койду.

Белгиленгендей, Техникалык комитетти түзүүнүн максаты адал индустриясын өнүктүрүү жана халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтыруу боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу, ошондой эле өлкө президентинин «Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

Техникалык комитеттин курамына кызыкдар мамлекеттик органдардын, бирикмелердин, ишканалардын өкүлдөрү жана халал индустриясы чөйрөсүндөгү адистер кирет.

Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргызстанга экономикага кошумча инвестицияларды тартууга жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.