Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра добуш берүү 27-февралда өтөт.
Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды. Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн.
Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган. Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат.
Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт.