Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы эми жыйындарга чогулбайт

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы эми жыйындарга чогулбайт. Бул тууралуу парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Чакырылыштын жыйынтыктоочу жыйыны 22-декабрда өттү.

 

Депутаттар эми салтанаттуу жабылыш аземине гана чогулат, — дешти басма-сөз кызматтан. Ал эми жетинчи чакырылыштын алгачкы отуруму тууралуу айта турган болсок, ал качан өтөт, азырынча белгисиз. БШК жаңы шайланган депутаттарды каттоого ала элек жана мандаттарды тапшыра элек.