Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районундагы спорт комплекстин курулушу 10-октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу бизге ордо калаа мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1 кабаттуу спорт комплексте оюн залы, күрөш бөлмөсү, машыгуу залы, которунуучу жай жана сактоочу кампалар каралган. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы сметалык баасы 50 миллион сомду түздү. Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.