Кыргызстанга синофарм вакцинасынын кезектеги партиясы октябрь-ноябрь айларында жеткирилет

Кыргызстанга синофарм вакцинасынын кезектеги партиясы октябрь-ноябрь айларында жеткирилет. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, кийинки айда өлкөгө дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында   110 миң дозада препарат келиши күтүлүүдө. Андан тышкары, Pfizer вакцинасы дагы жеткирилет. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жарым миллионго жакын жаран эмдөөдөн өттү.