Бишкектин дагы 2 мектеп жана бала бакчасында кошумча корпустар пайда болот

Бишкектин дагы 2 мектеп жана бала бакчасында кошумча корпустар пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Гүлмира Жумабекованын айтымында, кеп №20 жана №40 мектептер жана №4 №138 бала бакчалар тууралуу болуп жатат.

 

Учурда бул объектилерди даярдоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин мектептерге кошумча корпустарды куруу менен аларды кеңейтүү чечими кабыл алынган. Мындай курулушка №24 мектеп ээ болсо, №12 жана №19 билим берүү мекемелеринде иштер уланууда.