Кыргызстанда мектептерди экинчи чейректе ачуу суроосу чечилип жатат

Кыргызстанда мектептерди экинчи чейректе ачуу суроосу чечилип жатат. Бул тууралуу Мектеп билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусеинова билдирди.

 

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептерде окуу процессин жандантуу боюнча эрежелер иштелип чыкты. Биринчи кезекте санитардык нормаларды сактоо сунушталат.

 

Мектептерди ачуу жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Эске салсак, экинчи чейрек 11-ноябрда башталат.