Быйыл мектептерде өткөрмө экзамендер болбойт

Быйыл мектептерде өткөрмө экзамендер болбойт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, балдар бир класстан кийинки класска контролдук иштин жыйынтыгы менен эле өтө берет.

 

Андан тышкары, мамлекеттик аттестацияны берүүнүн тартиби өзгөрдү. Ар бир мектепте атайын комиссия түзүлөт. Ал бүтүрүүчүлөрдүн буга чейинки жетишкендиктери менен баа чыгарат. Бул эпидемиологиялык абалдан улам, мектептер дистанциондук окууга өткөнүнө байланыштуу.