Кыргызстандык кыз-келиндердин көбү тейлөө тармагында иштейт

Кыргызстандык кыз-келиндердин көбү тейлөө тармагында иштейт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө аялдар менен эркектердин иш менен камсыз болуусу чоң айырмачылыкка ээ.

 

Бул физикалык мүмкүнчүлүктөргө жана салттарга байланыштуу.

 

Алсак, Кыргызстанда аялдардын көбү кыймылсыз мүлк, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө тармактарында эмгектенет. Ал эми эркектер басымдуу учурларда курулуш, транспорт жана пайдалуу кен казуу тармактарында иштейт.