Бишкектин коомдук транспортунда жол кире жакынкы арада кымбаттабайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире жакынкы арада кымбаттабайт. Буга ордо калаанын транспорт департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиев ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоору гана демилгеленген. Ал алдыда тиешелүү органдардан көптөгөн кароо этаптарынан өтүшү керек.

 

Андыктан, жол кирени жогорулатуу тууралуу сөз кылуу эрте, — деди чиновник. Эске салсак, департамент өткөн айда  коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Ага ылайык, маршруттук таксилерде жол кире 22 сом, автобус-троллейбустарда 15 сом жана кечки тариф 32 сом деп орнотулмак.