Юстиция министрлиги соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга сынак жарыялады

Юстиция министрлиги соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

 

Мекеме дээрлик 4 миллион сомго 300 билерик сатып алууну пландап жатат. Билерик белгиленген чек арадан чыккан учурда сигнал берүүгө, реалдуу убакытты жана каякка барып келгени тууралуу тарыхчасын көрсөтүүгө ылайыкталышы шарт.

 

Белгилеп кетсек, электрондук билериктер экономикалык иштер менен кармалган, пробациялык мөөнөт берилген жарандарга колдонулат. Ведомство бул технология кылмыштардын санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турганын билдирген.