ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген мигранттардын пенсиялары Кыргызстанга алар пенсиялык жаш куракка жеткенден кийин гана которулуп баштайт

ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген мигранттардын пенсиялары Кыргызстанга алар пенсиялык жаш куракка жеткенден кийин гана которулуп баштайт. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, кыргызстандыктар аталган уюмга кирген мамлекеттерде мыйзам чегинде иштеген учурда гана пенсияга чыга алат.

 

Жаран пенсияга чыккандан кийин Россия өз мыйзамына ылайык, акча которуп баштайт. Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринде иштегендердин пенсиялык камсыздоосу жөнүндө макулдашуу ушул жылы күчүнө кирди.