Ош шаарында төрөт үйлөргө жылуулук берилди.
Бул тууралуу novosti.kgге түштүк калаа мэриясынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Ага караганда, учурда аталган мекемелерден тышкары башка объектилерге бериле элек.
Жылуулук аба ырайы +8 градустан катары менен 4 күн ашпаганда гана батирлерге жеткиликтүү болот.
Кошумчаласак, Ош шаарында жыл сайын жылуулук октябрь айынын аягында берилип келет.