Эми WhatsApp тайпаларынан билинбей чыгып кетсе болот

Эми WhatsApp тайпаларынан билинбей чыгып кетсе болот. Мессенджердин инженерлери жаңы функциянын үстүндө иштеп жатат. Сервистин бета-версиясында тайпалардан башка катышуучуларга көрүнбөй чыгып кетүү функциясы сыноодон өтүүдө.

 

Колдонуучу чыгып кеткени тууралуу билдирүү администраторго гана келет. Ал эми учурда тайпадан бирөө чыгып кетсе, дароо бардыгына көрүнөт. Жаңычылдык качан бардыгына жеткиликтүү болот, такталбайт.