Бишкектин Октябрь районунун акими алмашты

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Дороев Азамат берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

 

Ал эми мэрдин башка буйругу менен анын ордуна Орозалиев Жаныбек Аманович дайындалды.