Таластын губернатору алмашты.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындады.
Ал эми 2021-жылдын март айынан бери бул кызматта иштеп келген Бактыбек Нарбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан алынганы айтылды.
Дарданов Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Башкы прокуратурада жетекчилик кызматтарда иштеген.
Соңку эки жылдан бери Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп турган.