Президент Сооронбай Жээнбеков Россиядагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.
Иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы
белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылды.
Эскерте кетсек, 9-майда өтчү салтанаттуу парад коронавирус пандемиясынан улам 24-июнга жылдырылган.