Онлайн сабактарды дагы калтырбай окуу керек

Онлайн сабактарды дагы калтырбай окуу керек. Бишкектин Биринчи май прокуратурасы онлайн сабактарды калтырып жаткан окуучуларды аныктайт. Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына ылайык, чара бузууларды жана жашы жете электердин көчөдө көп жүрүүсүн алдын алуу максатында жасалат.

 

Ата-энелер менен дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, ордо калаа мектептеринде билим берүү марттан бери аралыктан ишке ашып жатат.