Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасы 16-17-апрелде өтөт

 

Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасы 16-17-апрелде өтөт. Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Кусаинова билдиргендей,  17 предмет боюнча олимпиаданы кыргыз-түрк “Ала-Тоо” университетинин базасында өткөрүү пландалууда, ага 350 окуучу катышат.

 

Бардык санитардык нормалар сакталат. Кире бериште атайын фильтр орнотулуп, окуучулардын дене табы текшерилет.

 

Белгилеп кетсек, өткөн жылы пандемияга байланыштуу, республикалык олимпиада өткөрүлгөн эмес.