Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат

Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат. Аталган калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын саламаттыгына кам көрүү, вирустарды алдын алуу максатында иштей турган атайн комиссия түзүлгөн.

 

Ал шаардагы 15 менчик бала бакчаны текшерет.

 

Эске салсак, Жалал-Абадда менчик баша бакчалардын ачылышына сентябрда уруксат берилген болчу.