Социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүгө апрель айында  7 миллиард 190 миллион сом жумшалды

Социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүгө апрель айында  7 миллиард 190 миллион сом жумшалды. Мындай маалымат Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

 

Сумманын басымдуу бөлүгү же 4 миллиард 930 миллион сом Билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин маянасына жумшалды.  Эске салсак, апрелден тарта мугалимдердин, китепканада иштегендердин жана актерлордун айлыгы 80 пайызга жогорулатылды.