Бишкектин Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Эртеңден тарта Бишкектин Суванбердиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам, айдоочулар каттамдарын алдын ала пландап алуусу зарыл.

Унаалардын жүрүүсү үчүн альтернативдүү жолдор болуп Жукеев-Пудовкин, Матросов, Юнусалиев жана Карадарыя көчөлөрү эсептелет.