Жыл башынан бери Кыргызстанга дээрлик төрт миллион турист келди.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул мезгилинде туристтердин саны 1 миллион 850 миңден ашкан.
Чиновник кошумчалагандай, быйыл туризмден 4 миллиард 332 миллион сом түшүп, ал ИДПнын дээрлик 3 пайызын түздү.